www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ бир жумада Ооганстандан 17 миң жаранды эвакуациялады

АКШ 14-августтан бери Ооганстандан 17 миңден ашык жаранын өз өлкөсүнө эвакуациялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги өткөргөн брифинг учурунда айтылганын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Жо Байден жарандарын Ооганстандан алып кетүү иштери 31-августка чейин аягына чыгарына үмүттөнүп жатканын билдирген.

Ошондой эле "Талибан" кыймылы жарандарды эвакуациялоодо тыгыз кызматташып жатканын кошумчалаган.

Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жашоочулары мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости