www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) чалгындоо кызматтарында Орусиянын президенти Владимир Путиндин орус армиясынын командирлерине Украинага кол салуу буйругун бергени тууралуу маалыматтар бар экени айтылды. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Орусия менен Украина ортосундагы тирешүү күчөп жатканда Американын чалгындоо кызматтары маалымат каражаттарына кызыктуу бир билдирүү таратты.

The Washington Post гезити жана CNN телеканалы америкалык аткаминерлерге таянган кабарда Путиндин Украинага кол салуу буйругун армия командирлерине бергени тууралуу америкалык чалгындоонун колунда маалымат бар экени айтылды.

Кабарда бул маалымат Вашингтонго өткөн аптада жеткени жана президент Жо Байден менен мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин ушуга таянып, Путиндин Украинаны басып алуу чечимин чыгарганы түрүндө билдирүү жасаганы белгиленген.

Бул маалымат Орусия тарабынан бир гана жаңылтуу максатында таратылышы мүмкүн экендиги да талкууланууда.

Байден жума күнү Владимир Путин Украинаны басып алууну чечкенине жана орус армиясы Киевди басып ала аларына ынанганын билдирди.

Блинкен болсо жекшемби күнү CNN телеканалында Орусиянын аймактагы кыймылдуулугун «чыныгы басып алуу процессинин башталышы» деп чечмелеп берген.

Бир тараптан Ак үй президент Джо Байдендин Москванын Украинага каршы басып алуу аракети болбосо Орусиянын президенти Путин менен принцип боюнча жолугушууга макул болгонун жарыялады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Джен Псаки кризистин дипломатиялык жол менен чечилишине ар дайым даяр экендиктерин, бирок Орусия басып кирүүгө карай кадам таштаса, тез жана оор санкцияларды киргизе тургандарын кошумчалады.

Псаки ошондой эле Москва дагы эле ар тараптуу чабуулга даярданып жатканын айтты.

Последние новости