www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиядагы сел: 171 адам каза болду

Бразилиянын Рио-де-Жанейро аймагындагы сел апаатынан каза болгондордун саны 171ге жетти. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Бразилия медиасынын маалыматына караганда, өткөн аптада Рио-де-Жанейродогу тоолуу Петрополис шаарында болгон сел жана жер көчкүдөн кийин ыктыярчылар жана өрт өчүрүүчүлөр тарабынан издөө-куткаруу иштери улантылды.

Сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 171ге жетип, 126 адамдын дайынсыз жоголгону жана 856 адамдын баш калкалоочу жайларда экени маалымдалды.

Петрополис муниципалитети, көчөлөрдү тазалоо иштеринен улам тургундарды үйдө болууга чакырды.

Рио-де-Жанейронун тоолуу аймагы Петрополисте 15-февралда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам шаардын көптөгөн жерлеринде жер көчкү жүрдү.

Облустун губернатору Клаудио Кастро аймактын 1932-жылдан берки эң катуу жаандан жапа чеккенин айтты.

Жер көчкүлөрдөн кийин ондогон үйлөр кыйрап калган Петрополисте февраль айы ичинде күтүлгөн жаан-чачын тынымсыз 6 саатта жааган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости