www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай өкмөтү американын “Raytheon Technologies” жана “Lockheed Martin” компанияларына Тайванга курал жеткиргенин санкция киргизүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэньбинь билдирди.
Кытай өкмөтү Кытайдын эгемендүүлүгүн жана коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн чет элдик санкцияларга каршы күрөшүү мыйзамына ылайык Тайванга көптөн бери курал-жарак жеткирүү менен алектенген америкалык “Raytheon Technologies” жана “Lockheed Martin” коргонуу компанияларына чара көрүүнү чечти, деген билдирүү жасады.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү АКШны Тайванга курал-жарак жеткирүүнү токтотууга жана Тайвань менен бардык аскердик байланыштарын үзүүгө чакырды. Ал Тайванга курал сатуу “бир Кытай” принцибин одоно бузуп, Кытайдын эгемендигине жана коопсуздук кызыкчылыктарына, Пекин менен Вашингтондун ортосундагы эки тараптуу мамилелерге, ошондой эле Тайвань кысыгындагы тынчтык менен туруктуулукка олуттуу зыян келтирерин баса белгиледи.
Буга чейин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Тайвань иштери боюнча департаментинин басма сөз катчысы Чжу Фенлян аралдын администрация башчысынын орун басары Уильям Лэй (Лай Циндэ) Гондураста АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен жолукканын айтып, Тайван маселесинде от менен ойноону токтотууга чакырган.
КЭРдин борбордук өкмөтү менен анын Тайвандын ортосундагы расмий мамилелер 1949-жылы Кытайдын Коммунисттик партиясы менен жарандык согушта жеңилип калган Гоминдандын аскерлери Тайванга көчүп келгенден кийин үзүлгөн. Арал менен материктик Кытайдын ортосундагы бизнес жана расмий эмес байланыштар 1980-жылдардын аягында калыбына келтирилген.
Юлдуз Абдурашидова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg