www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттар жакында аз сандагы аскерин Чыгыш Европа жана НАТО өлкөлөрүнө жиберет. Бул тууралуу АКШнын президенти Джо Байден 28-январда маалымдап, буга Орусия менен Украинанын чек арасына жакын жерде орусиялык аскерлердин топтолушу негиз берип жатканын айтты.
"Америкалык аскерлерди жакын арада Чыгыш Европага жана НАТО өлкөлөрүнө көчүрөм. Өтө көп эмес", - деди Байден.
Узап бараткан аптанын башында Пентагон 8500дөй америкалык аскерди күжүрмөн даярдыкка келтирген. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин мурдараак Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы согуш ачууга аскердик жактан даяр экенин, бул Москванын чечиминен көз каранды болорун айткан.
Москва кошуна өлкөнү басып алуу максаты жоктугун айтып келатканы менен, НАТО чыгышка, өзгөчө Украина жана Грузияга карай кеңейбейт деген кепилдик берилсе гана аскерлерин Украина менен чек арадан алып кетерин айтып шарт койгон.
25-январда Орус коргоо министрлиги аннексияланган Крымда жана украин чегине жакын жерде 6 миң аскер, 60 согуш учагы катышкан машыгуу баштаганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg