www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январь күнү Тажикстандын расмий делегациясы менен жолугушуудан кийин Баткен районунун Ак-Татыр айылында жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Ал сөзүндө эки тараптуу жолугушуунун мазмуну тууралуу кабарлап, 27-январдагы чек ара жаңжалын иликтөөчү биргелешкен комиссия түзүлгөнүн, чек арага эки тараптан тең чогулган аскерлер кайтарылганын айтты. Мындан тышкары Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн жана чек ара кызматын бекемдөө максатында февраль айында дагы аскердик техникалар алынарын айтты:
"Бир жыличинде көп маселени чечип алдык. Азыркы маалда шүгүрбүз. Эл-журтту коргоп калууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Чек ара кызматын бекемдөө үчүн февралда дагы көптөгөн, силер өмүрү көрбөгөн аскер техникалары келет. Алардын баарын Баткенге беребиз. Мамлекет алардын баарын өз күчү менен, өз акчасына алып жатат".
УКМКнын төрагасына элден суроолор жаады. Апрелдеги жаңжалда үйү өрттөнгөндөргө кенемте жетишсиз берилгени, кыргыз-тажик чек арасы жабык экенине карабай, аткезчилик уланып жатканы тууралуу айтылды. Камчыбек Ташиев аткезчилик маселесине жергиликтүү эл да кошулуп калып атканын билдирди.
Эске салсак, 27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.
Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.
Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.
Булак: NazarNews.kg