www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Мамдумасынын спикери Вячеслав Володин АКШ дүйнө калкынын жарымынан көбүнүн колдоосунан ажырады деп эсептейт.
Мамдуманын спикери белгилегендей, америкалык президент Жо Байден Кошмо Штаттардын позициясын кармап калуу үчүн БУУну реформалоого аракет кылууда.
"БУУдагы акыркы добуш берүү Вашингтонду колдобогон өлкөлөр планета калкынын көпчүлүгүн түзүүдө", - деп жазган Володин өзүнүн Telegram-каналында.
Ал ушундай билдирүүнү марттын башында БУУнун Башкы ассамблеясы Украинадагы атайын аскердик операцияны талкуулоо боюнча маселени караганда жасаган. "Орусияга каршы 40 мамлекет добуш берүүдөн баш тарткан, алардын катарында Кытай, Индия, Иран, Ирак, Вьетнам, ТАР (ЮАР), Алжир, Пакистан жана башкалар бар. Бул мамлекеттердин калкынын саны 4,47 млрд адамды - дүйнө калкынын 67,3%ын түзөт", - деген Мамдуманын спикери.
Мындан тышкары, ал апрелде БУУнун адам укугу боюнча кеңешине РФнын мүчөлүгүн токтотуу маселеси каралгандыгын кошумчалаган. "Бул ирет да Орусияга каршы 82 мамлекет (Кытай, Индия, Бразилия, Египет, Индонезия, Пакистан, Иран, Ирак, БАЭ, Мексика, ТАР (ЮАР), Малайзия, Вьетнам, Сауд Аравиясы, Сингапур, Кения жана башкалар) добуш беришкен жок. Ал эми бул 5,93 млрд адам - планета калкынын 76,2%ы ", - деп белгилеген Володин.
Анын айтуусунда, бул эки мисал "БУУ тарабынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынды деген чечимдердин артында чындыгында азчылык турат". "Ушул себептен улам Жо Байден АКШнын позициясын сактап калуу үчүн БУУну реформалоого умтулууда. Өзүн жоготуп койгон бир полярдуу моделди сактап калууга жанталашууда", - деди Володин.
Спикердин пикиринде Орусиянын позициясын талкуулоодо анын тарабында "планетанын көпчүлүк калкы турат". "Вашингтондун жана Брюсселдин Орусияны изоляциялоо планы үзгүлтүккө учурады",- деп эсептейт Володин.
Булак: NazarNews.kg