www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токон Мамытов: «Коомдун деңгээли андагы мугалимдин статусу менен аныкталат», - деди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине акыйкатчы Токон Мамытов.

- Токон агай, Сузактагы окуя керкисинде да, кемтигинде да бар экенин далилдедиби?

- Азыркы учурда ата-энелер балдарды тарбиялоо маселерине көп көңүл бурбай калышты. Бир нерсе болсо бала бакча, мектеп же армияга шылтап коюшат. Ата-энелер балдарды тарбиялоодон баш тартып каржылоо менен кутулушат. Бала оозун ачса эле канча акча керек деп, акча берип кутулат. Бала мектепте 5- 6 саат болот. Андан кийин баланы уй-бүлө менен көчө тарбиялайт.

 Жыйынтыгы, жанагы видео көрсөткөндөй болот. Мындан 40-50 жыл мурда балдарды үй-бүлө, бала бакча, мектеп, көчө, кошуналар, улуу адамдар бир үзгүлтүксүз процесс катары тарбиялашчу. Азыр кошуна адам же бир адам замечание айтып көрсүнчү тентек кылган балага. Бала сөккөнү аз келгенсип, баланын ата-энеси ажылдап айласын кетирет бул адамдардын. Баланы ата-энеси биринчи иретте тарбиялаш керек. Тарбия көрбөгөн ата - эне кантип балдарын тарбиялайт? Кандай болбосун мектепте балага кол көтөргөн туура болбойт.

- Министр Алмазбек Бейшеналиев мугалимге жан тартып сүйлөп койду. Эми мугалимдер министрге таянып, окуучуларды сабай берет. Ошон үчүн министр кызматтан кетиши керек дегендер да чыгууда…

- Мугалимдер мындай терс көрүнүшкө барышпайт. Министр жогоруда мен айтканды түшүнүп туруп, мугалим тарапту болду. Жетекчи катары туура кылды. Жетишкендик дагы, кемчиликтер дагы бул министирдин олжосу. Мугалим кечирим сурады. Маселе жабылды. Негизи бир нерсеге көңүл буруш керек. Коомдун деңгээли ошол коомдо мугалимдин статусу менен аныкталат. Мугалимдин орду коомдо бийик болсо, ошончолук коомдун статусу жана өнүгүүсү бийик болот.

 Биздин заманда - ээнбаштык кылган, мугалимдин айласын кетирген бир акмакты өзүбүз эле «тумчуктуруп койчубуз» ортого алып. Ал кезекте класста 30 бала окуса 1-2 акмак болчу. Азыр бир класста 5-6 түшүнүктүү жакшы балдар калган 25 акмак болуп жатпайбы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости