www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Иран айланасындагы чыңалуу жана Орусияга каршы санкциялар шартында АКШ үчүнчү ай катары менен дүйнөдөгү эң ири мунай экспорттоочу өлкө болду.
Май айында өлкөнүн мунай жана күйүүчү май экспорту суткасына 10,5 млн баррелге жеткен. Бул көрсөткүч боюнча АКШ Орусияны (7 млн баррель) жана Сауд Арабиясын (5,9 млн баррель) артта калтырды.
Экспорттун өсүшүнө өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшү жана стратегиялык мунай корлорунун бошотулушу себеп болгон. Reuters белгилегендей, бул АКШнын дүйнөлүк энергетика рыногундагы жана эл аралык сүйлөшүүлөрдөгү таасирин күчөтөт.
Мындан тышкары, Европа менен Азия өлкөлөрү да америкалык мунайга көбүрөөк көз каранды боло баштады. Ошол эле учурда АКШ президенти Доналд Трамп Ирандын мунай инфраструктурасына байланыштуу катаал билдирүү жасап, ээлик кылып алуу ниетин айткан. Буга Венесуэланы мисал кылган.