www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Бактыяр Караев өзгөчө муктаждыгы бар балдарга байланыштуу — аутизм, Даун синдрому жана церебралдык шал (ДЦП) диагнозу бар балдардын көйгөйлөрүн көтөрүп чыкты.
Сөзүндө ал бул багыттагы негизги көйгөйлөргө токтолуп, реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү, адистештирилген борборлордун жетишсиздиги жана үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоонун төмөн деңгээли сыяктуу маселелерди белгиледи.
Ошондой эле депутат реабилитациялык борборлордун санын көбөйтүү, медициналык жана социалдык кызматтарды жеткиликтүү кылуу, ошондой эле өзгөчө балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону күчөтүү боюнча бир катар сунуштарды берди.
Анын айтымында, бул багыттагы системалуу чаралар балдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана үй-бүлөлөрдүн социалдык жүгүн азайтууга өбөлгө түзөт.