www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад жана Ош облустарынан келген эки бейтап өз убагында көрсөтүлгөн шашылыш медициналык жардамдын натыйжасында инсульттун оор кесепеттеринен аман калышты.
Дарыгерлердин ыкчам аракеттери оорунун алгачкы сааттарында жасалган адистештирилген дарылоо бейтаптардын өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойноорун дагы бир жолу тастыктады.
Жалал-Абад облусунун 55 жаштагы тургуну тез жардам кызматы тарабынан оор абалда ооруканага жеткирилген. Ооруканага түшкөн учурда бейтаптын эс-учун жоготууга жакын абалда болуп, сүйлөө жөндөмү бузулуп, оң колу жана буту кыймылдабай калган.
Медициналык кароодо анын артериялык гипертензия менен жабыркаары аныкталып, инсульт кан басымдын кескин көтөрүлүшүнүн фонунда күтүүсүз өнүккөнү белгиленген.
Ушундай эле учур Ош облусунда да катталып, бейтапка өз убагында көрсөтүлгөн медициналык жардам анын оор майыптуулуктан сактануусуна шарт түзгөн.
Адистер белгилегендей, инсульт учурунда алгачкы мүнөттөр жана сааттар “алтын убакыт” болуп эсептелет. Дал ушул аралыкта көрсөтүлгөн тез жардам бейтаптын жашоосун жана келечектеги жашоо сапатын аныктайт.
Саламаттык сактоо органдары жарандарды инсульттун алгачкы белгилерин — сүйлөөнүн бузулушу, беттин кыйшайышы, кол-буттун алсыроосу жана эс-учун жоготуу сыяктуу симптомдорду байкаганда дароо тез жардам чакырууга чакырат.