www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ бийлиги коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоодо колдонулган Ремдесивир препаратын дүйнөлүк запастагы 90 пайызын сатып алды. Бул тууралуу  Дональд Трамп билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШда коронавирусту дарылоо үчүн Ремдесивир препаратын колдонуу май айында бекитилген.

"Менин администрациям Ремдесивир препаратынын дүйнөлүк запастын 90 пайызына көзөмөлдү камсыз кылды. Бул абдан жакшы", - деген ал өлкөдөгү дары-дармектерге коюлган бааны төмөндөтүү боюнча жарлыкка кол коюп жатып.

Май айында АКШнын Аллергия жана жугуштуу оорулар институту ремдесивир препараты чындыгында эле COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптардын сакайышын тездетерин далилдешкен. Клиникалык изилдөө жүргүзүүгө коронавирус менен ооруган 1 миң 63 бейтап катышкан. Ремдесивир препараты колдонулган бейтаптар батыраак сакайганы, ошондой эле өлүм саны дагы аз болгону байкалган.

Буга чейин ремдесивир дарысы эбола оорусуна каршы колдонулуп келген.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 176 миң 716 адамдан коронавирус аныкталып, тилекке каршы, 146 миң 384 адам каза болсо, 1 миллион 279 миң 414 бейтап айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости