www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кансыз согуш» деген болгон. АКШ баштаган НАТО жарыша куралдануунун негизинде СССРге каршы куралдана баштаган. Москва дагы куралданып, Горбачев менен Рейган буга чекит койгон. Бирок бул келишимди узартууну АКШ каалабай турат. Ал эмес АКШ душмандарына каршы дельфиндерди шпион кыла баштады, балким суу алдындагы кемелерге каршы дельфиндерди багыттап жаткандыр.
Дельфиндер бири-бири менен сүйлөшкөндү жакшы көргөн өтө таң калычтуу макулуктар. “Дельфин тилинде” муун, сөз, сөз айкашы, абзац, контекст, атүгүл диалектилер да бар болгондугу илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы айтууда. Алардын маеги эки ыкмада болот. Бул нерселер чынында керемет: Биринчиден, ишаараттар менен же секирүү, айлануу, куйругун кыймылдатуу сыяктуу кыймыл аракеттер менен оюн экинчи тарапка билдирет.
Экинчиден, үн менен-башкача айтканда өздөрүнө таандык болгон тил менен, үн толкундары аркылуу маектешишет. Алар ызы-чуу, кыйкырык, шыңгыроо, чыкылдатуу, ышкырык, чыйылдоо сыяктуу үндөр менен пикир алышат. Булардын ичинен эң көп колдонулганы ышкырыкка окшогон үндөр. Бул ышкырыктар менен алар бири-бирин жардамга чакыруу, саламдашуу, же жөн эле чакыруу сыяктуу пикирлерин билдирет. Дельфиндер 150 герцтен 150 000 герцке чейинки үндөрдү чыгарышат. Бул жыштыктагы үндөрдү адам уга албайт. Алардын үндөрүнүн ылдамдыгы да аябагандай жогорку ылдамдыкта болгондуктан, компьютердин жардамы менен бир нече эсе жайлатып гана угуу мүмкүн. Дельфиндер бир нече дельфинге да кайрыла алат жана ошол эле кезден алардын ичинен бир дельфинге да кайрыла алышат. А түгүл дельфиндердин атайын топторго бөлүнгөн кудум биздикиндей сүйлөшө турган социалдык тармактары бар болгондугу аныкталган. Бул группада алар жерде алар ким менен сүйлөшсө болот, а ким менен сүйлөшсө болбой турганын тактай алышат. Илимпоздор дельфиндердин тилин изилдеп олтуруп учурда алардын 180 коммуникациялык белгисин башкача айтканда сөзүн үйрөнүшкөн. Бардыгы дельфиндердин сөз байлыгы 14 000ге жете тургандыгын да аныкташкан.
Дельфин-сууда эң мыкты сүзгөн абдан акыл-эстүү сууда сүзүүчү жаныбар. Орточо узундугу 2.5 метр. Ал эми салмагы 150 кг чейин жетет. Бирок буга карабай өтө бат кыймылдап, саатына 40 км ылдамдык менен сүзө алат. Олжосун да өтө усталык менен тутат. Албетте мунун бир себеби анын денесинин жылмакай болгондугунда. Ошол эле кезде мурдунун жана маңдайынын учтуу болуусу да бат сүзгөнгө жардам берет. Инженерлер дал ушул дельфиндин түзүлүшүнө карап кемелердин формасын иштеп чыккан. Дельфиндер белгилүү бир убакытта суу үстүнө чыгып дем алып туруусу шарт. Ошондуктан алардын куйругу башка балыктардыкындай тигинен эмес, туурасынан жайгашкан. Бул алардын суунун үстүнө оңой чыга алуусуна жардам берет. Ал эми башынын үстүңкү бөлүгүндө болсо дем алуу тешикчеси бар. Суунун үстүнө чыкканда бул тешикче автоматтык түрдө ачылат да, сууга киргенде дароо жабылып калат. Дем алуу органдарына суу да, тамак да кирип кетпейт. Ошондуктан тумчугуп калуу коркунучу жок дельфиндерде жана суунун өтө терең жерлеринде ээн эркин азыктана алышат. Ошол эле кезде терисинде кислородду сактай алуу өзгөчөлүгү бар. Бул өзгөчөлүк менен алар 200 метрдик тереңдиктеги сууда 10 мүнөткө чейин жүрө алышат. Илимпоздор көптөгөн жылдардан бери дельфинди изилдеп келишсе да жооп таба албаган суроолору көп. Алардын бирөөсү дельфиндердин коммуникациясы, байланышуусу. Дельфиндердин гидроакустикасы башкача айтканда суу астындагы угуусу өтө мыкты өнүккөн. Бул жөндөмү менен ал алыста жүргөн олжолорун биле алат. Олжолорун билип эле калбастан канчалык алыста жүргөнүн, көлөмүн жана ылдамдыгын да биле алат. Алардын көздөрүнүн көрүүсү өтө жакшы. Бирок бул деңиздин терең жерлеринде жардам бере албайт. А гидроакустика аркылуу болсо олжолорун оңой эле таба алат.
Ар бир дельфиндин өзүнө таандык аты да бар. Бул ат төрөлгөндө эле берилет. Ооба жаңылыш уккан жоксуз. Бул биз айткандар дельфин тууралуу учкай эле маалыматтар. Дельфиндин ар түзүлүшү тууралуу том томдогон китептерди жазса болчудай. А 21 кылымдын илим-технологиясы канчалык өнүксө да дельфиндердин маектешүүсүндөгү коддорду расшифровка кылууга дарамети чынында жете элек. Ушул жерден суроолор туулат менин бир тууганым!
Кантип? Кандайча? Дельфинге ким берди бул жөндөмдөрдү ага үйрөттү бул тилди, өзгөчөлүктөрдү. Кантип эле эволюциянын негизинде ушундай феномен болгон бир макулук өзүнөн-өзү пайда болуп калсын. Адамзат толук изилдеп, түшүнө албай, таң калып, башы жетпей олтурган бир система кантип өзүнөн-өзү жаралып калсын? Кантип акылсыз, көр, сезимсиз табият жарата алсын бул гениалдуу балыкты? Ушул жерден бизге Курандан бир аят жооп берет. “Ал (Аллах) бардык нерселерди сонун кылып жараткан” (Сажда 7) Бул ааламда чынында Аллахты таанытпаган макулук негизи эле жок. Бары өзүнүн таң калычтуу жаратылуусу менен Аллахты көрсөтүп, далилдеп турат. Атом, нейтрон, протон, тоо-таш, бак дарак, жан-жаныбарлардан тартып тээ галлактикаларга чейин өздөрүнүн барлыгы менен, тартиби менен, кооздугу менен, айбатуулугу менен, кереметтүүлүгү, таң калычтуулугу менен кудум бир китеп сыяктуу Аллах Тааланы далилдеп, таанытып, көрсөтүп турат. Жогорудагы дельфин болсо бул керемет китептин бир эле тамгасы. А түгүл бир чекит да боло албай калышы мүмкүн. Ошондуктан аалам китебин дагы да тереңирээк окуп, изилдейли!
Ал эми АКШ бул терең сырларды согушка каршы даярдап жатат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg