www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги декабрдан тартып виза алууга байланыштуу кызмат көрсөтүүнү жандантат. Консулдук бөлүмгө 1-декабрдан визалардын бардык түрүнө байланышуу интервьюларга кезекке турса болот. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Коронавирус пандемиясынан улам виза алууга кайрылгандардын жана кызматкерлердин саламаттыгын, коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чаралар колдонулат.

«Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилелердин өзөгүн биздин элдердин ортосундагы байланыштар түзөт. Туризм жана бизнес үчүн, анын ичинде катардагы виза кызматтарын сунуштай алганыбызга абдан кубанычтабыз. Бул кызматтардын кайра жанданышы биздин жакын достугубуздун өөрчүшүн колдоого жардам берет жана биз декабрда өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилей турган ыңгайлуу учурга туура келет», - деди АКШ элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Визага кызыккан талапкерлер сайттан арыз талаптарын карап чыгып, интервьюга кезекке турса болот.

8-ноябрдан тарта АКШга кирүү үчүн саякатка коюлган талаптар өзгөрөт. Чет элдиктер бул өлкөгө барарда Дүйнөлүк саламаттык сактоо тизмесиндеги вакцина менен каршы эмдөөнүн далилин көрсөтүү талап кылынат.

АКШ элчилиги 2020-жылдын март айында Мамлекеттик департаменттин COVID-19 башталгандагы көрсөтмөлөрүнөн улам катардагы визалык интервьюларды токтоткон. Мамлекеттик департаменттин учурдагы көрсөтмөлөрү АКШ элчилигине COVID-19га каршы катуу коопсуздук чараларын сактоо менен визалык интервьюларды улантууга мүмкүндүк берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости