www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- «Кыргызстан өзүнүн криптовалютасын чыгарыш керек» деп айтып келесиз, бул кандайча ишке ашат?

- Азыр дүйнө жүзү боюнча криптовалюта өнүгүп жатат. Бирок бир дагы мамлекет өзүнүн криптовалютасын рынокко чыгара элек. Ушундан пайдаланып, мамлекеттин жеке криптовалютасын чыгарсак утабыз.

Мамлекет же Улуттук банк сыяктуу бир тармак криптовалюта чыгарса, биздеги жердин алдындагы 410 тонна алтынга байлап коюш керек. Криптовалюта – бул программа.

Мисалы, биз «Gold kg koin» деген Кыргызстандын криптовалютасын чыгарсак, аны 410 тонна алтын менен бекитсек, менимче, бул жакшы киреше алып келет. Анткени криптовалюта, биткоин – замандын талабы, каалайбызбы-каалабайбызбы, биздин жашообузга аралашып, барабара ошону менен соода кылып калабыз.

Муну практика көрсөтүп жатат. Айрым өнүккөн мамлекеттер криптовалюта менен дүкөндөрдө сатып алууларды жүргүзүп, бири-бирине акча которуп калышты. Ушундай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, экономиканы көтөрүүгө пайдалануу зарыл болуп турат.

Анткени криптовалюта экономиканы өнүктүрүүнүн дагы бир мүмкүнчүлүгү. Мындан артта калып калбашыбыз керек. Кимде-ким биринчи криптовалютаны ачып, аны ишке киргизе алса, ал тез өнүгүүгө бет алат. Ал эми башка мамлекеттер ачып алгандан кийин бизге кыйыныраак болот.

Эң негизгиси, алтын менен бекитип берсек, мунун баасы кескин өсөрүн айтып, президентке, жаңы өкмөткө сунуш бердим. Криптовалюта рыногунда триллиондогон доллар айланууда. Бул рынокту алтын менен консолидациялоо зарыл.

- Криптовалюта чыгарган майнинг компанияларына Кытайда тыюу салынды, бизде дагы мыйзамсыз иштеп жаткандарын билебиз. Ушундай абалда биткоин, криптовалютаны мыйзамдаштыруу, өнүктүрүү канчалык маанилүү?

- Дүйнө жүзү боюнча криптовалютага тыюу салынган эмес. Кытайда электр энергиясына таңкыстык болгону үчүн майнинг фермаларга тыюу салынып, алар Казакстанга агылып, ушул тапта кошуна мамлекетте бул тармак дүркүрөп өнүгүп кетти.

Майнинг компаниялары бизге дагы келүүгө аракеттери бар, себеби Кытайга салыштырмалуу электр энергиянын баасы арзан. Ошол эле учурда майнинг компаниялар «энергияны беш сомдон берсеңер дагы сатып алууга даярбыз» деген пикирлерин билдиришкен.

Майнингди кантип чыгарат? Мисалы, компьютердин процессорлору сыяктуу чоң-чоң процессорлор болот, аны интернетке улап коёт, мында электр энергиясы менен эле интернеттин болгону маанилүү.

Казынага пайдасы бар, электр энергиясын кымбат сата алабыз, интернетти колдонгону үчүн дагы акча төлөшөт. Ошондуктан майнинг компаниялардын Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу иш алып баруусун жөнгө салганыбыз жакшы.

Дүйнөлүк биткоиндерди өндүрүүдө Кытайдын үлүшү дээрлик 30%га төмөндөп, Казакстан криптовалютанын майнингдин күчү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунга көтөрүлдү. Ошол эле учурда АКШ экинчи орунду ээледи.

Россия биткоинди өндүрүү боюнча төртүнчү ири мамлекет. Дүйнөлүк криптоиндустриядагы мындай өзгөрүүлөр көп нерседен кабар берет. Бизде дагы учурда криптовалюта, биткоин, майнинг компаниялары боюнча мыйзам даярдалган, жаңылбасам, биринчи окуудан өттү. Жакын арада Жогорку Кеңеште талкууланат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости