www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Министрлер кабинетине Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаевди жумуштан бошотууну сунуштады. Бул маалыматты АКИpress агенттигине Бейшеналиев өзү тастыктады.

Анын айтымында, Улуттук кардиология жана терапия борборунда каржы боюнча мыйзам бузуулар аныкталган.

«Өткөн жумада мен Министрлер кабинетине Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчисин кызматтан алууну сунуштадым. Чечимди ал жактан кабыл алышат. Биз бардык борборлорду жана ооруканаларды текшеребиз. Мыйзам бузуу аныкталса, бардык материалдар укук коргоо органдарына берилет», - деди Бейшеналиев.

Акпай Сарыбаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору кызматына 2019-жылы дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости