www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Орусияга мындан ары дагы каршы туруу үчүн европалык өнөктөштөрүнө үмүт артууда. Бирок бул абал тынымсыз улана бере албастыгын эл аралык мамилелер боюнча адис Майкл Гфеллер менен АКШнын Сауд Аравиядагы мурдагы элчиси Дэвид Ранделлдин америкалык Newsweek жумалыгына жазган макаласына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Себептердин тизмесине авторлор Орусияга каршы санкциялардан улам Европада электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү менен жалпы эле экономикалык каатчылыкты кошту.

Бул факторлордон улам Европанын бир катар өлкөлөрүндө бийликтин жогорку эшелондорундагы аткаминерлер отставкага кеткен учурлар болду. Мындан тышкары, иш таштоо толкуну каптап кетти. Коомчулуктун нааразычылыгы жана толкундоолор дагы күчөйт деп болжолдонууда.

"Европалык лидерлер алдыда эмне болорун сезип турушат. Андыктан Венгриянын президенти Виктор Орбан Россияга каршы санкцияларды айыптап чыгып, анын пикирине Еврокомиссиянын вице-президенти Франс Тиммерманс дагы кошулду. Алар быйылкы кышта энергиянын жетишсиздигинен Европаны "кагылышуулар жана чыр-чатактар күтүп жатканын" эскертишти", — дешти авторлор.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости