www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнү удургуткан окуя болду. АКШнын спикери Пелоси кой десе болбой Тайванга чейин кирип барды. Экиге бөлүнүп кеткен тайвандыктардын бири шапкесин асманга ыргытып сүйүнүп жатса, дагы бири Пелосинин Тайванга келгенин жактырбай митингге чыгышты. Украина менен чырмалышып жаткан Орусияга жага бербей калды. Анткени, АКШнын Тайванга кириши, жөн жаткан ажыдарды же асман кожоюну Кытайды чоочутту. 1989-жылы июнда болгон Кытайдагы Тяньаньмэнь аянтында болгон окуяга Пелосинин түз тиешеси бар. Ал ушул кандуу окуяны уюштуруучулардын бири болгон. Бул кандуу кагылышууда миңге жакын адам курман болуп, алты миң адам запкы жеп, миңге жакын адам дарга асылып, жети миң адам атылган. Ушул окуядан улам кытайга санкциялар 90-жылдардын аягына колдонулуп келген.  

Тайванда 23 593 794 киши жашап өздөрүн Кытай Республикасы деп аташат. XII кылымда Тайванды Кытай басып алып,кытайлыктар көчүп келип, жергиликтүү калк тоо тарапка сүрүлгөн. XVI кылымдын аягынан  —XVII кылымдын башына чейин япондуктар, андан соң португалдыктар, голландиялыктар, испандыктар ээлешкен. 1661-жылы кытайлык Мин династиясы, 1683-жылы Цинь династиясы башкарган. 1895-жылдан Тайванды Япония жеңип алат. 1949 жылы Мао-Цзедундан жеңилген соң Кытай Республикасынын өкмөт башчысы, генералиссимус Чан Кайши Тайванга бекинет. Аны менен кошо Гоминьдан партиясы, администрациясы жана  парламент, 2 млн кытайлык качкындар барат. Ошондон баштап бул жер Кытай Республикасынын башкы аймагы болуп калат, бул мамлекетти башкалар «Тайвань» деп коюшат. Кытай бул аймакты өзүнүкү катары көргөндүктөн Кытайга кошуу аракеттери жүрүп келет. Тайвань 1971-жылга чейин БУУда мамлекет катары өзүнчө орун ээлеп келген. Тайванды АКШ колдоп келатат.

Кытай армиясы Тайвандын тегерегиндеги алты аймакта аскердик машыгуу өткөрөт. 2022-жылдын 2-августунда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Аскердик иш-чара 4-7-августка белгиленген. Пелоси Япония, Түштүк Корея, Малайзия жана Сингапурга болгон сапарларды камтыган Азия турнесин баштаган. Андан кийин маалымат каражаттары чиновниктин Тайванга баруу ниети тууралуу массалык түрдө жаза башташты. Ал өзү коопсуздук талаптарына таянып бул маалыматты тастыктабай келген. Ал арада расмий Бээжин Пелосинин аралга сапары “Бирдиктүү Кытай” принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси шейшемби күнү кечинде Тайванга келип, акыркы 25 жыл ичинде Кытай өзүн-өзү башкарган аралга барган эң жогорку даражалуу америкалык аткаминер болуп калды.Пелосинин сапары Кытай менен АКШнын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө себеп болду. Кытай Тайвань өз аймагынын бир бөлүгү, керек болсо күч менен аннексияланышы мүмкүн деп ырастап, чет элдик бийлик өкүлдөрүнүн сапарларын аралдын эгемендигин таануу катары баалайт.

Кытай Пелоси сапарын улантса, «күчтүү жана чечкиндүү чара көрүлөөрүн» эскертти. Байдендин администрациясы аны визиттен баш тартууга ачык үндөгөн жок, бирок бул АКШнын Тайванга карата саясатында эч кандай өзгөрүү болбойт деп Бээжинди ишендирүүгө аракет кылды.1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминьдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайвандын администрация башчысы Цай Инг-вэн менен жолугушту. Тайвандын президенти Цай Инг-Вэн бүгүнкү жолугушууда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосиге өз алдынча башкаруучу аралга келгени үчүн ыраазычылык билдирди жана Тайбэй өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн «мүмкүн болгондун баарын» жасай турганын айтты.

«Атайылап жогорулатылган аскерий коркунучтарга туш болгон Тайвань артка чегинбейт. Биз өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн бекем коргойбуз жана демократияны коргоону улантабыз», - деди Цай Инг-Вен Тайбэйдеги президенттик кеңседе. Ошол эле учурда биз демократиялык баалуулуктарды биргелешип коргоо үчүн дүйнөнүн бардык демократиялык мамлекеттери менен кызматташып, биримдикте иш алып баргыбыз келет», - деди ал. Ал Пелосиге "Тайвандын өзүн-өзү коргоосун колдоо боюнча АКШнын ырааттуу саясатын билдиргени" үчүн ыраазычылык билдирди жана аны "Демократиялык аралдын эң берилген досторунун бири" деп атады.

Өз кезегинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси президенттин Тайбэйдеги кеңсесинен сүйлөп жатып, Кошмо Штаттары Тайвандан баш тартпай турганын "түшүндүргүсү" келгенин айтты."Бүгүн биздин делегация Тайванга келди, биз Тайванга болгон милдеттенмебизден баш тартпайбыз жана туруктуу достугубуз менен сыймыктанабыз" -деди Пелоси. "Азыр Американын Тайвань менен тилектештиги болуп көрбөгөндөй маанилүү жана биз бүгүн ушул жөнүндө сүйлөшүп жатабыз", -  деди Пелоси.

Шаршембиден тарта Кытай Тайвандан тоңдурулган балыктардын айрым түрүн жана цитрус жемиштерин өлкөгө киргизбейт. Билдирмеге караганда, мындай чечим аталган азыктардан акыркы убакта зыянкеч табылгандыгына жана коронавируска байланыштуу кабыл алынган. Мындан тышкары, Кытай шаршембиден тарта Тайванга кум экспорттоону токтоткону маалым болду. 2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин учагы Тайвандагы Суншань авиабазасына конгон. Ага чейин Кытай Пелосинин Тайванга барышы Америка — Кытай мамилелерине доо кетирерин айтып, Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү экенин эскерткен. Ошондой эле АКШдан ички саясатына кийлигишпөөнү талап кылган. Бирок Кошмо Штаттардын администрациясы конгресс көз карандысыз структура экенин белгилеп, Пелоси аралга барар-барбасын өзү чечерин билдирген.

Пелоси Тайванга конору менен аэропорттон эле алгачкы билдирүүсүн жасап, АКШ Тайвандын демократияга умтулгандыгын урматтап колдой турганын айтты. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин сапарынан кийин Кытайдын армиясы Тайванга жакын үч акваторияда машыгууларын баштап, чектөөлөрдү киргизүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тайвандагы кырдаалга байланыштуу үн катты. "Кыргыз Республикасы кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй, "Тайвань маселеси" боюнча өзүнүн позициясынын өзгөрбөстүгүн жана "бирдиктүү Кытай" саясатын колдой турганын тастыктайт", — деп билдирди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев. Министрлик ошондой эле кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада басылышына, тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүсүнө үмүттөнгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости