www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Жумагулов бычактан 60 жаракат алган. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигин өз булактарына таянып жазды.

Жумагуловдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлдү, бирок азырынча анын жыйынтыгы чыга элек. Жумагулов кримчөйрөдө «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал. 

«Дөө Чыңгыз» 30-июлда СИЗО-1 абагында бычакталган. Ал 1-августта кичи мекенинде акыркы сапарга узатылган.

41 жаштагы Жумагуловду июлдун ортосунда кармап, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизген. Кримтөбөлгө уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана бизнес адамдарынан акча талап кылган деген күнөө коюлган.

8-июлда Бишкектин четинде, Аламүдүн району тарапта анын автоунаасы аткыланганы боюнча маалымат тараган. Жумагулов жана анын жанындагы кишилер качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми күч түзүмдөрү кримтөбөлдү кармоо боюнча операция болгонун төгүндөшкөн.

Кылмыштуу топтун бул активдүү мүчөсүн Кылмыш кодексинин ар кыл беренелери менен бир нече ирет кармап, соттошкон. 2018-жылы аны эки кишини катуу сабап салган деген шек менен кармашкан. 2020-жылы сот аны күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. 2021-жылы кылмышкер кайрадан эркиндикке чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости