www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөр оюнчук тапанча менен эс алуучуларды тоноп кетишкен. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июль күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өз арызында 29-июлдан 30-июлга караган түнү саат 23:00дөр чамасында 16 жаштагы иниси менен Бостери айылындагы «Университет» пансионатынын жээгинде болгонун билдирген. 

"Ошол учурда алардын жанына 17-20 жаштар чамасындагы төрт жигит келип, тапанча менен коркутуп, физикалык күч колдонуу менен акча, телефон, күмүш шакек жана башка нерселерди тартып алышкан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Жалпы материалдык чыгым 43 миң 200 сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Ысык-Көл облусунун ИИБнын РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүүлөр табылып, алар Жалал-Абад облусунун 17 жаштагы М.О. жана  Д.Т., ошондой эле Чүй облусунун Н.И. жана 16 жаштагы Нарын облусунун Т.Б аттуу тургундары алдын ала сурак учурунда кылмышты мойнуна алышкан.

Далил буюм катары шектүүлөрдүн биринен тапанча алынып, ал оюнчук экени аныкталган.

Райондук сот тарабынан кармалгандарга карата тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1 айга камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости