www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газадагы элдешүү чакырыктарына кайра-кайра бөгөт коюп келген АКШ жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешине “тез арада ок атышууну токтотууга” чакырган резолюциянын долбоорун сунуштайт. Бул тууралуу AР агенттиги жазды.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен шаршембиде акыркы резолюция “күчтүү билдирүү” экенин айтты.

"Резолюция барымтадагыларды бошотууга байланыштуу ок атышууну дароо токтотууга чакырат. Биз өлкөлөр муну колдойт деп үмүттөнөбүз", - деди Блинкен Сауд Арабияда.

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуш башталгандан бери АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Палестина аймагында ок атышууну дароо токтотууга чакыруусуна жол бербөө үчүн бир нече жолу вето укугун колдонгон.

Франс Пресс жазгандай, бул резолюция "бардык тараптан карапайым калкты коргоо, керектүү гуманитардык жардамдын жеткирилишин камсыз кылуу жана гуманитардык азаптарды жеңилдетүү үчүн ок атышууну туруктуу токтотуу" зарылдыгын белгилейт.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинен аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жалпысынан сектордо азыркы согуш башталгандан бери каза тапкандар 31 миңден ашты.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Алар Рамазан айы учурунда атышууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости