www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы жол эрежесин одоно бузган автобустун айдоочуларын иштен айдоо боюнча ойлонуп жатат.
Калаанын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде жыйын өтүп, коомдук транспорт катышкан жол кырсыктары көбөйүп жатканы талкууланган.
Департамент директорунун орун басары Алмаз Алымбеков автобус айдоочуларына карата даттануулар көп келип жатканын белгилеп, аларга чара көрүү механизмин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.
"Жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлебей, эрежени сактабай, жол кырсыктарына себепкер болуп, мамлекеттин мүлкүн зыянга учуратып жаткан айдоочулардын жоопкерчилигин карап чыгып, андайларды иштен кетирүү зарыл. Шаар тургундарынын талабы ушундай болууда", — деди Алымбеков.
Ошондой эле айдоочулар жүргүнчүлөргө талон бербей, орой мамиле кылып, акыркы аялдамага чейин жеткирбей, жолдон түшүрүп салып жаткан учурлар тууралуу да айтылган.
Жыйындын соңунда кыска убакыттын ичинде аталган көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасы берилген. Айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, тартипти көзөмөлдөө боюнча да талап коюлду.
Булак: NazarNews.kg