www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күн мурун "Крокус Экспо" Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Элчиликтен билдиришкендей, майрамдык иш-чара эл аралык "MITT-2024" туризм жана меймандостук көргөзмөсүнүн алкагында өттү.
Программанын жүрүшүндө "МИР ВАМ" билим берүү борборунун жетекчиси Р.Адышева жазгы күн менен түндүн теңелген ыйык күн катары бааланган майрамдын тарыхы жана мааниси тууралуу айтып берди.
Көргөзмөнүн атайын аянтчасында көрүүчүлөргө "Асыл Ордо" фольклордук ансамблинин солисттери болгон Москвада эмгектенген КР жарандары тарабынан даярдалган чоң концерттик программа тартууланды.
Өлкөнүн уникалдуу туристтик мүмкүнчүлүктөрү, салттуу маданияты, ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү заманбап жаңылыктар жана долбоорлор жөнүндө кеңири маалыматтарды тартуулаган Кыргыз Республикасынын улуттук экспозициясына улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары, анын ичинде тери, кийиз жана жүндөн жасалган буюмдары коюлду. Москвадагы «Кыргыз кербен» кол өнөрчүлөр уюму тарабынан коюлган кооз шырдактар көргөзмөгө өзгөчө көрк беришти.
Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору Москва шаарындагы "Кыргыз кондитерлеринин" коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган кыргыздын улуттук ашканасынын кондитердик азыктарынан даам татышты.
Булак: NazarNews.kg