www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орбан Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан орус лидери Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу “Медуза” жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, Орбан Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен Путинге «ыраазы болгон» жалгыз лидер болуп калды.

Маалым болгондой, Венгриянын премьер-министри Путинге кат жолдоп, аны Орусиянын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады. Ал ошондой эле Венгрия ар дайым тынчтыкты жактай тургандыгын кошумчалады.

«Биз диалогду улантуу тынчтыкка мүмкүн болушунча тезирээк жетишүүнүн зарыл шарты экенине ишенебиз. «Венгрия Орусия менен эл аралык укук менен чектелбеген тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр», - деп айтылат катта.

Эске сала кетсек, буга чейин Владимир Путинге шайлоочулардын 87,28 пайызы, башкача айтканда 76 миллион 277 миң 708 адам добуш бергени белгилүү болгон.

Бул катка чейин Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Путинге кайрылып: «Эч кандай оппозиция жок. Эркиндик жок. Башка тандоо жок", - деп ирония менен жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости