www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Салык кызматынын кызматкери ишкерден 20 миң доллар пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, 19-мартта Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында өзгөчө салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

“Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери Ж.Б.Ж. ишкерлердин биринен салыктык текшерүү жүргүзөм деп коркутуп, 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда шектүү атайын кызматтын тергөө абагына камалып, Кылмыш жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу”) менен иш козголду. Учурда тергөө башталып, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости