www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын өкмөтү өлкө аймагындагы америкалык аскерлердин бир бөлүгү чыгарылып кетиши ыктымалдыгы тууралуу расмий билдирүү алганын кабарлады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
«Бирок бизге белгилүү болгондой, азырынча бул боюнча расмий чечим жок», — деди немис өкмөтүнүн басма сөз кызматкери.
Өткөн жумада The Wall Street Journal басылмасы президент Дональд Трамп Германиядагы аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарып кетүүнү көздөп жатканын жазган. Der Spiegel журналы өлкөдөн 15 миңге чейин АКШ аскери чыгып кетиши мүмкүндүгүн билдирген.
Апта башында Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр Вашингтон бул планын ишке ашырса, НАТОнун өзүнө терс таасирин тийгизерин айткан. Азырынча Ак үй менен НАТО бул боюнча комментарий бере элек.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен баарынан Германияда АКШнын аскерлери көп жайгашкан. Дональд Трамп президент болуп шайлангандан бери Европа өлкөлөрүн коргонууга жетишсиз каражат бөлүп жатат деп бир нече жолу сынга алган.
Булак: NazarNews.kg