www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ бийлиги грин-карт лотереясын убактылуу токтотту. Бул чечим 13-декабрда Род-Айленд штатында болгон кандуу окуядан кийин кабыл алынды. Анда ок чыгарууга шектелген жаран АКШга 2017-жылы дал ушул лотерея аркылуу киргени маалымдалган. АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм президент Дональд Трамптын тапшырмасы менен DV программасы токтотулганын билдирди.
АКШ жыл сайын ар түрдүүлүк визасы аркылуу 55 миңге чейин грин-карт берет. Акыркы жылдары кыргызстандыктардын катышуусу кескин өскөн. 2022-жылы 55 миңден ашуун кыргыз жараны катышып, алардын 1388ине виза берилген.
Арийне, грин-карт лотереясы толук жоюлган жок. Бирок убактылуу токтотулганы Кыргызстандык жеңүүчүлөр үчүн олуттуу белгисиздик жаратты. Адистер документтерди даярдоону улантып, расмий чечимди күтүүнү сунушташууда.
Булак: NazarNews