www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Элдик курултайда региондордон келген делегаттардын алдында сүйлөп жатып мурунку парламент элдин эмес, саясатчылардын жеке амбициялары үстөмдүк кылган аянтчага айланып кеткенин сынга алды.
Ал өз сөзүндө мурдагы чакырылыштардын биринин спикери менен болгон маегинде ага экс-төрага президенттен келген мыйзам долбоорлору негизсиз сынга алынып, “жумурткадан кыр издеген” учурлар көп болгонун айтканын мисал келтирди. Анын айтымында, коомчулук мындай кайым айтышууларды кызыгуу менен кабыл алып, депутаттар да элдин колдоосуна мас болуп, саясий оюндарды күчөткөн. Натыйжада убакыт текке кетип, мамлекет уттурган.
Арийне, Нурланбек Тургунбек уулу мисал келтирген эск-төрага ким экенин ачыктаган жок. Андыктан төрага өзүнүн ой-пикирин бирөөнүкү кылып айттыбы, же чындап эле кайсы бир экс-төрага арманын төккөнбү белгисиз.
Булак: NazarNews