www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Ирандагы аскердик операцияга кеткен чыгымдары 79 күндүк согуштук аракеттердин жүрүшүндө 85 миллиард доллардан ашты.
Бул тууралуу “Iran War Cost Tracker” порталы маалымдаган.
Порталдын реалдуу убакыт режиминде иштеген калькулятору АКШнын Коргоо министрлиги тарабынан 10-мартта Конгресске сунушталган брифингге негизделген. Анда Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттердин алгачкы 6 күнүндө Вашингтон 11,3 миллиард доллар короткону жана жаңжал улана берсе күн сайын кошумча 1 миллиард доллар сарптала турганы айтылган.
Маалыматка ылайык, бул чыгымдар АКШнын коргоо министринин финансы боюнча убактылуу орун басары Жулз Херст мурда атаган көрсөткүчтөрдөн дээрлик үч эсе жогору. Ал Конгресстин Өкүлдөр палатасынын бюджет комитетиндеги угууда АКШ Иранга каршы аскердик операцияга болжол менен 29 миллиард доллар жумшаганын билдирген.