www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия 2029-жылга чейин жарандык коргонуу системасын чыңдоого дээрлик 10 миллиард евро жумшоону пландап жатат. Бул тууралуу Bild басылмасы өкмөттүк документтерге таянып жазды.

Маалыматка караганда, өлкөдө бункерлердин, оорукана орундардын, көчмө лазареттердин жана өзгөчө кырдаалга даярдык ресурстарынын жетишсиздиги аныкталган. Ошондуктан федералдык бийлик жарандык коргонуу инфраструктурасын жаңылоону көздөөдө.

Пландын алкагында 110 орундуу талаа госпиталдары, миңдеген атайын унаалар даярдалып, 50гө жакын ыкчам медициналык жардам борбору түзүлөт. Ошондой эле бункерлердин, туннелдердин жана жер алдындагы жайлардын картасы иштелип чыгып, атайын тиркемеге киргизилет.

Мындан тышкары, дагы 3 миллиард евро Жарандык коргонуу жана техникалык жардам боюнча федералдык агенттикти техникалык жана кадрдык жактан камсыздоого бөлүнөт.

Германиянын ИИМи химиялык, биологиялык жана өзөктүк коркунучтарга каршы бирдиктүү стандарттарды да иштеп чыгууда. Министр Александр Добриндт жарандык коргонуу боюнча сабактарды мектеп программасына киргизүүнү сунуштады.

Бул аракеттер Россия менен Батыштын ортосундагы чыңалуу күчөп жаткан шартта жүргүзүлүүдө. Россия НАТОнун активдешүүсүнө тынчсыздануусун билдирсе, альянс муну “Россиянын агрессиясын ооздуктоо” менен түшүндүрүп келет.

Последние новости