www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Хатлон облусунун Мырза Саид Али Хамадони райондук соту ошол райондун тургуну Абдусамад Нуралиевди жубайын сабап өлтүргөнү үчүн 16 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыратты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыкты.
Сот өкүмү качан чыгарылганы так көрсөтүлгөн эмес, бирок соттун сайтына маалымат май айынын башында жарыяланган.
Соттук материалдарга ылайык, 2025-жылдын 5-декабрында үй-бүлөлүк жаңжал учурунда айыпталуучу жубайы Оростамо Ахмедовага колу менен жана жыгач такта менен башына жана денесинин ар кайсы жерине катуу соккуларды урган. Натыйжада аял оор жаракат алып, окуядан бир сутка өткөндөн кийин үйүндө каза болгон. Жаңжалдын так себеби көрсөтүлгөн эмес.
Сот Абдусамад Нуралиевди «ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» (110-берене, 3-бөлүк, «б», «в» пункттары) жана «жабырлануучуну коркунучта калтыруу, этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» (127-берене, 2-бөлүк) боюнча күнөөлүү деп тапкан.