www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аймактагы диний билим берүү мекемелеринин мыйзамсыз ишмердүүлүк фактыларын аныктады.
Алынган маалыматтарга ылайык, айрым диний окуу борборлору Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен узак убакыттан бери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкен.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында каттоосу жана лицензиялык уруксаты жок иштеп келген 20 медресенин (хужралардын) мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды.
Учурда бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо, ошондой эле тиешеси бар тараптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу максатында зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.