www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 19-майында, Советтер Союзунун Баатыры Муса Джалил атындагы №29 мектепте акындын эстелигине гүл коюу жана анын чыгармалары камтылган китептерди мектепке тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара Татарстан Республикасынын делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында уюштурулду.

Делегацияны Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Татарлардын дүйнөлүк конгрессинин Улуттук кеңешинин төрагасы Василь Шайхразиев жетектеди. Делегациянын курамына ошондой эле жетекчинин жардамчылары, Татарлардын дүйнөлүк конгрессинин өкүлдөрү жана Татарстан Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Муса Джалилдин эстелигине гүл коюп, көрүнүктүү акындын элесин эскеришти жана мектептин китепканасына анын чыгармаларынын китептерин тапшырышты. Бул салтанат татар элинин адабий мурасына болгон урмат-сыйдын, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун белгиси болду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбеков, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Улан, мектептин мугалимдер жамааты жана окуучулары катышты.

Жолугушуунун алкагында тараптар тарыхый эстутумду сактоонун, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүнүн жана билим берүү тармагындагы кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, коомчулуктун өкүлдөрүн, билим берүү тармагынын кызматкерлерин жана Татарстан Республикасынан келген конокторду бириктирди.

 

Последние новости