www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сөзүнүн башында МинКаб Төрагасы 2026-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 602,8 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,4 пайызга өскөнүн, бул жерде кызмат көрсөтүүлөр негизги үлүштү түзөөрүн белгиледи.
“Туризм тармагы дагы мейманкана, тамак-аш сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн курамына кирет. Бул темпти сакташыбыз керек. Ал үчүн бардык тармактын, анын ичинде туризмдин салымы болушу керек”-деген Адылбек Касымалиев акыркы 5 жылдан бери туризм тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекет ар тараптуу аракеттерди, стратегия, тактикаларды иштеп чыгып ишке киргизип жатканын билдирип, Кыргызстан төрт мезгил эс алууга ыңгайлуу мамлекет катары таанылып бара жатканын айтты.
“Бүгүнкү жыйында биз жөн гана отчет угуп койбойбуз, көйгөйлөр боюнча ачык сүйлөшүүлөр болсун! Азыркы талап – сапат үчүн күрөш. Инфраструктуранын абалы, жолдордун сапаты, сервис маданияты жана туристтердин коопсуздугу – бул мамлекеттин жоопкерчилиги жана аброю. Улуттук кеңеш бүгүн мамлекеттин туристтик саясатынын кийинки багытын аныктайт деп ишенем.”-деди Адылбек Касымалиев.
Улуттук кеңештин жыйынында негизинен төрт маселе каралды. Анын ичинде 2025-жылдагы туристтик тармактын жыйынтыктары, “Tunduk Travel” улуттук санариптик платформасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
МинКаб башчысы туризмди өнүктүрүү менен бирге жаратылышка аяр мамиле кылуу зарылчылыгын белгилеп, табият койнунда эс алуучуларды тазалыкка чакырууну күчөтүү тапшырмасын берди.
Улуттук кеңештин жыйынынын жыйынтыгында, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев алдыда мамлекетке көбүрөөк туристтерди тартуу боюнча өтө чоң жана амбициялуу милдет турганын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.