www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, Чолпонбаев Болот Чолпонбаевич Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган биринчи орун басарды министрликтин эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Министр ошондой эле курулуш тармагындагы реформаларды натыйжалуу ишке ашыруу, инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында бүтүрүү жана тармактын ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу багытында биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Буга чейин ал министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментин жетектеп келген. Курулуш тармагындагы эмгек жолу 2013-жылы инженер адисинен башталган.
Ал эми министрдин мурдагы биринчи орун басары Самат Джантелиев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.