www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мамлекеттик тилдеги мыйзам долбоорлорунда кыргызча терминдерди колдонууну сунуштады.
Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.
Талкуу маалында депутат мыйзам долбоорунда «такафул» термини колдонулганына көңүл буруп, мамлекеттик тилге көбүрөөк маани берүү керектигин белгиледи.
«Биз кандай мамлекетпиз? Светтик мамлекетпиз. Мамлекеттик тилибиз бар. Бирок мыйзам долбоорунда “такафул” деген термин колдонулуп жатат. Кыргыз тилинде мунун ондогон синонимдери бар. Эмнеге өз мамлекеттик тилибизди урматтабайбыз? Эмнеге кыргызча терминдерди колдонууга тартынабыз? Манастын тили — бай тил. Эмнеге өзүбүздүн сөздөрдү колдонбойбуз? Мындай учурлар абдан көп. Мен, мисалы, бул сөздүн маанисин түшүнбөйм. Кыргызча жазыш керек. Эгер ушундай мыйзам долбоорлору келе берсе, четке кагышыбыз керек», — деди Талиева.
Өз кезегинде экономика жана коммерция министринин орун басары «такафул» эл аралык термин экенин айтып, мыйзамдарда чет тилден кирген сөздөрдү колдонууга жол берилерин белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды. Ал эми Камила Талиева каршы добуш берди.