www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пентагон Иранга каршы мүмкүн болгон кеңири масштабдуу аскердик операциянын пландарын иштеп чыгууда.
Бул тууралуу Axios басылмасы АКШнын расмий адамдарына жана булактарына таянып жазды. Анда бул сценарийлер «акыркы сокку» катары бааланып, кургактыктан аскерлер кирип, абадан кубаттуу интенсивдүү соккулар болот.
Маалыматка ылайык, Дональд Трамп үчүн бир нече альтернативалуу варианттар даярдалган. Бул пландарга Ирандын Перс булуңунда жайгашкан жана стратегиялык мааниге ээ аралдарын басып алуу, аймактагы маанилүү транспорттук маршруттарды көзөмөлгө алуу кирет. Айрыкча, Ирандын энергия экспортунда маанилүү роль ойногон аймактарга сокку уруу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Булактардын айтымында, пландардын бири Ормуз кысыгындагы көзөмөлдү күчөткөн аралдарга ээлик кылуу менен Иран мунайын экспорттоочу кемелерди бөгөттөө болуп саналат.
Ошол эле учурда, америкалык аскерлер Ирандын ички аймактарына багытталган кургактык операцияларын да пландап жатканы белгиленет. Бул операциялардын негизги максаты – ядролук объекттерде сакталган жогорку деңгээлде байытылган урандын коопсуздугун камсыз кылуу экени баса белгиленет.