www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, өзү эркинен ажырап отурса да, эл ичинде ырлары ырдалып жатканына кубанганын билдирди.

“Демек, менин эмгегим элге жетип жатканы, жаштарды бийик-бийик максаттарга шыктандырып жатканы эмей эмне?! Ата-бабадан калган эрдиктердин, акындардан калган улуу насыяттардын бизге калтырган сабагы ушул эмеспи. Кандай болгон күндө да, менин эл үчүн кылаар кызматым али алдыда. Жаркын маанайда жолуга турган күн да аз калды. Амандыкта көрүшкөнчө”, - деп жазкан акын. 

Март айынын башында №27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан Аскат Жетиген кыйноого кабылып, айып изоляторуна киргизилгенин билдирген. Кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ага кыйноо болбогонун, ырчы ички эрежелерди бузганы үчүн айып изоляторуна киргизилгенин билдирген. Мекеме кийин Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулганын маалымдаган. 

Акынга “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлуп, 3 жылга эркинен ажыратылган.

Последние новости