www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Израилге жогорку тактыктагы куралдарды сатат

АКШ жалпы наркы 735 млн. доллар турган жогорку тактыктагы курал-жарак сатууну колдогонун The Washington Post басылмасы ишенимдүү булагына таянып жазып чыкты.

Гезиттин маалымат булагы президент Джо Байдендин администрациясы Конгресске бул тууралуу 5-майда кабар бергенин айтып берген.

Ошол эле кезде The Washington Post басылмасы Конгресстеги кээ бир демократтар Израилге курал сатуу Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды дагы курчутуп жиберишине тынчсызданганын белгилейт.

Гезит Израил учурда жогорку тактыктагы куралга ээ экенин жазып, жарандык калктын арасында курмандыктардын алдын алуу үчүн Газадагы ХАМАСтын объекттерине жогорку тактыктагы аба соккулары урулуп жатканы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости