www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Йемендин түндүк-батышындагы хуситтердин өкмөттүк комплекстин имаратына сокку урду

АКШнын Куралдуу күчтөрү "Ансар Аллах" (хуситтер) кыймылы колдонгон өкмөттүк комплекс жайгашкан Йемендин Эль-Джауф провинциясына бир нече сокку урду. Бул тууралуу хуситтердин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Анис аль-Асбахи билдирди.

"Америкалык душман Эль-Джауф провинциясынын Эль-Хазм округундагы өкмөттүк комплекстин имаратына төрт сокку урду", – деп жазды аль-Асбахи X социалдык тармагындагы баракчасында. Ал аба соккуларынан жабыркагандар бар-жогун тактаган жок.

15-мартта АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен Йемендеги хусит объектилерине массалык соккуларды баштаган. АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына ылайык, операция америкалык кызыкчылыктарды коргоого жана деңиз жолдорунун коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Буга жооп катары "Ансар Аллах" кыймылы Кызыл деңиздин түндүк бөлүгүндө жайгашкан USS Harry Truman авианосецине эки жолу ракета жана дрондор менен чабуул койгон. Хуситтердин өкмөтүндөгү Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, АКШнын Йеменге жасаган соккуларынын натыйжасында 53 адам каза болуп, дагы кеминде 98 адам жаракат алган.

Последние новости