www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы Мирбек Атабеков менен анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров социалдык тармактагы баракчасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, акыйкаттык издеп жатканын билдирди.
«2019-жылы дал ушул үйдө менин апам менен карындашымдын колун-бутун байлап, каракчылык болгон. Бирок иш жабылыптыр. Ошол үчүн УКМК төрагасына кайрылууга аргасыз болуп жатабыз»,- деди ырчы.
Анын жактоочусунун айтымында, сурак мыйзам бузуу менен өткөн. Тактап айтканда, протоколдордо бир да тергөөчүнүн аты-жөнү жок, кол коюлган эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө материалга тиркелген бир нече видео жок болуп чыккан.
«Кылмышка шектелип жаран кармалган, бирок ал жабырлануучуларга билдирилбестен камактан бошотулган. Бул иш архивге жөнөтүлгөн. Адатта кылмыштын бетин ачууга мүмкүн болбосо, тергөө токтотулуп, андан соң кайра башталат. Бул учурда мындай болгон эмес. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, бул ишке жеке көңүл бурууңузду жана тергөөнү кайра жандандыруу жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча компетенттүү органдарга тиешелүү тапшырмаларды берүүңүздү суранабыз»,- дешти алар.