www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер АКШда Өкүлдөр палатасына шайлоодо республикачылар жеңсе, анда Кошмо Штаттар Украинаны каржылаган булакты жабышы ыктымал. Бул тууралуу партия мүчөлөрүнүн айтымына таянып Axios аттуу басылма жазганын РИА Новости билдирди.

"Баасы асманга чыккан азык-түлүктү, электр энергиясы менен коммуналдык кызматтардын эсебин көргөн соң, чек арага жакын аймакта жашагандар айланасы мигрантка толуп кеткенин көргөн соң Украина ойго да келбей калат", — деген Өкүлдөр палатасынын Түндүк Дакота штатынан мүчөсү Келли Армстронг.

Өкүлдөр палатасынын Техас боюнча мүчөсү Майкл Маккол Украинаны каржылоо маселеси боюнча айтып жатып республикачылар жоопкерчилик менен көзөмөлдү күчөтүүгө ыктап жатканын белгилеген. Басылма май айында Өкүлдөр палатасынан 57 республикачы Украинага 40 миллиард долларлык жардам көрсөтүүгө "каршы" добуш бергенин эске салды. Эгер жакында болчу шайлоодо республикачылардын партиясы жеңе турган болсо, бул сан мурдагыдан да өсүшү ыктымал.

Ноябрда АКШда шайлоо аралык шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана сенаттын үчтөн бир бөлүгү түзүлөт. Ал эми президенттик шайлоо 2024-жылга белгиленген.

Дүйшөмбү күнү Bloomberg АКШ 12 айдын ичинде экономикалык рецессияга тушугары айтылган божомолун жарыялаган. Украинага каражат бөлүү Конгрессте басымдуулук кылган демократтар менен республикачыларды бир нече ирет араздаштырган. Ал эми сентябрда республикачы Лорен Бойберт АКШ "акча бөлчү банкомат эмес" экенин айткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости