www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азим Рой Өмүрбек Суваналиевди сотко берди

Кызык оюндар башталчудай. Бизге жеткен маалыматка караганда, Азим Рой генерал Өмүрбек Суваналиевди сотко бериптир. Vesti.kg сайтынын журналистин кошуп. Моралдык чыгымын 150 миллион сомго баалаганы каңкууланды.

Биз бул боюнча Азим Ройго байланышууга аракет кылдык, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми Өмүрбек Суваналиев болсо, сотко бергенин укканын, бирок дооматы менен тааныша электигин айтты.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жана Азим Ройдун чогуу түшкөн сүрөтүнө Өмүрбек Суваналиев Vesti.kg сайтына комментарий берген. Аны оор кылмыштар менен соттолгон адам катары баалап, бул көрүнүштүн уят экенин баса белгилеген.

Албетте, сот процесси башталса толук маалымат алабыз, коомчулуктун да бүйүрү кызып, бийлик менен оппозициянын саясый тиреши сыңарындай чуулганга күбө болобузбу?

Кызыгы, кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөшкөн чыныгы орган кызматкерлери кайдыгер болбосо керек. Себеби, «Комиссар Каттани» зор абройго ээ эмеспи.

Булак: Азия News гезити

Последние новости