www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 19-октябрда NazarNews маалымат агенттигине “Жогорку Кеңештеги моралдык жактан бузулган, “ычкыры бош” Чыңгыз Юнусовду спикер Нурланбек Шакиев качан кызматынан кетирет?” деген аталыштагы макала жарык көргөн.

Чыңгыз Юнусовдон жогоруда айтылган маалыматтар ага төп келбегендиги үчүн кечирим сурайбыз.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Юнусов өзү жаш болсо да буга чейин бир топ алгылыктуу иштерди жасап, көптөгөн багыттарда иш алып барган.

Төмөндө Юнусовдун өмүр таржымалы жана иш тажрыйбасы менен тааныша аласыздар:

1986 -жылы туулган, кыргыз, билими жогорку.

Борис Ельцин атындагы КРСУин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (2008-жыл, бакалавр даражасы),

Россиянын ТИМнин Москва Мамлекеттик эл аралык институтун аяктаган («МГИМО», 2010 -жылы магистр даражасы).

Үй-бүлөлүү.

Ч.Юнусов Кыргыз Республикасынын мамлекетттик кызматын 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде баштаган.

2012-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын эки тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн үчүнчү катчысы. Кыргыз Республикасынын Украина, Беларусь Республикасы, Молдова Республикасы, Азербайжан Республикасы, Грузия, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасы менен эки тараптуу кызматташуусунун маселелери боюнча иш алып барган.

2015-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чектеш өлкөлөр департаментинин экинчи катчысы кызматына Өзбекстан Республикасы менен эки тараптуу кызматташуу багытында иш алып баруу үчүн дайындалган. Кыргыз Республикасынын делегацияларынын КМШ өлкөлөрүнө болгон иш сапарларын, КМШ, ЕврАзЭС, ЖККУ жана ШКУнун алкагында эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги көп тараптуу жана эки тараптуу жолугушууларды даярдоого түздөн-түз катышкан.

2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чектеш өлкөлөр департаментинин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча тобунун, Маалымат департаментинин экинчи катчысы. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын мүчөсү болгон, бул багытта жетишилген натыйжалары үчүн министрдин ыраазычылыгына татыктуу болгон.

2017-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин вице-консулу болуп дайындалган. Элчиликте иштеген учурунда Ч.Юнусов Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусундагы окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн жооптуу болгон, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери менен алектенген. Ч.Юнусов иштеп турган мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо максатында 200дөн ашуун чыгуу жасаган, Кыргыз Республикасынын жарандарын Дагестан Республикасынан, Чечен Республикасынан жана Карачай- Черкесиядан эмгек кулчулугунан өзү жеке аракети менен куткарган. Бул аракеттери үчүн өздүк ишине каттоо менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ыраазычылык каты менен сыйланган. 

Өзүнүн иш милдеттерин аткарууда Ч.Юнусов Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын, Федерация Кеңешинин жетекчилиги жана кызматкерлери менен жумушчу байланыштарды түзгөн. Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги, Россия Федерациясынын Федералдык Коопсуздук Кызматы, Россиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы Башкы башкармалыгынын, Миграция маселелери боюнча башкармалыгы, Тергөө комитетинин аймактык органдары Россия Федерациянын Прокуратурасынын Москва, Ростов, Самара, Астрахань, Нижний Новгород облустары боюнча органдары, Татарстан Республиканы, Мордовия Республиканы, Чечен Республикасынын, Карачай-Черкесиянын органдары менен жетекчилиги жана кызматкерлери жумушчу байланыштарды түзө алган.

Ч.Юнусов консулдук кызматтын бардык чөйрөсүндө тажрыйбага ээ болду (консулдук каттоо, нотариус, виза маселелери, Мекенге кайтуу күбөлүктү каттоо, жарандык маселелер, паспортту тариздөө), келген өлкөнүн миграциялык абалын жана жарандардын укуктук статусун көзөмөлдөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын аймагында, ошондой эле кыргыз жарандарынын Россияда жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды даярдоодо активдүү катышкан.

2017-жылдын апрелинен 2020-жылга чейин ал бир убакта Элчиликте эки багытта иштеген: жарандардын укуктарын коргоо жана протокол маселелери. Бул мезгилде ал Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин жогорку жана жогорку деңгээлдеги 30дан ашык жумушчу, расмий жана мамлекеттик сапарларын, ошондой эле Кыргыз делегацияларынын Мамлекет башчыларынын жана Өкмөт башчыларынын деңгээлинде КМШ, ЖККУ, ЕАЭБдин кезектеги жолугушууларын даярдоо жана уюштуруу иштерине түздөн-түз катышкан.

2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин экинчи катчысы болуп иштеп келген. Кыргыз Республикасына эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарлардын даярдалышына жана уюштурулушуна, өлкө жетекчилигинин чет мамлекеттерге сапарларын даярдоо маселелерин ишке ашырат, ошондой эле чет мамлекеттердин аба кемелерине жана Кыргыз Республикасынын аба кемелерине дипломатиялык уруксаттарды берүүнү ишке ашырган.

2021-жылдын октябрь айынан азыркы убакытка чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппаратынын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.

Иштөө мезгилинде Ч.Юнусов өзүн байкоо жана талдоо көндүмдөрүнө ээ болгон жоопкерчиликтүү жана аткаруучу кызматкер катары көрсөтө алды. Кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ, адистик жактан өсүү келечегине ээ жана квалификациясын жогорулатуу үстүндө тынымсыз иштөөдө. Ал эл менен тил табышканга, ишкердик байланыштарды түзө билүү, лидерлик сапаттарга ээ, маалыматты чогултуп, системалаштыруу жана уюштуруучулук жөндөмүнө ээ болуп саналат.

Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде сүйлөйт.

"1 -класстын биринчи катчысы" дипломатиялык рангына жана "Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси" класстык ченине ээ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости