www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Казакстанга чек араны көзөмөлдөө үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды берди жана аларды башкарууга республиканын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын өкүлдөрүн үйрөттү, деп билдирди АКШнын Нур-Султандагы элчилигинин басма сөз кызматы.

«АКШнын Казакстандагы элчилигинин Аскердик коопсуздук боюнча кызматташуу департаменти Казакстандын Чек ара кызматы менен бирдикте жакында AeroVironment компаниясынын Raven учкучсуз учуучу аппараттарынын (ПЧА) операторлору үчүн машыгууну аяктады», - деп айтылат маалыматта.

Жаңы учкучсуз учак операторлору Казакстандын чек арасын көзөмөлдөөгө жардам берүү үчүн АКШ берген Raven учкучсуз учактарын колдоно турганы түшүндүрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости