www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров үйүн сел каптаган элге кайрылды

Президент Садыр Жапаров Алайда селден жабыркагандарга жакын арада жардам бериле турганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Табият кырсыгы болду. Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам), Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам), Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам), Төөлөс айылынан 3 үй-бүлө (15 адам), Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам), Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам), Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам), Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам) Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам "Ислам" чайханасына убактылуу жайгаштырылды. Алайда жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги толугу менен ишке тартылды. Кудай буюрса, жабыркаган үйлөрдү жакын арада калыбына келтиребиз. Сабыр кылыңыздар", — деп жазган президент.

Эске салсак, 3-майда Ош облусунун Алай районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 200гө жакын үйдүн короосун суу каптаган. Ошондой эле көпүрөлөр жараксыз болуп, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары, Кара-Кулжа районундагы айрым аймактарда да сел жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости