www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик департаменти "Орусиянын Украина чек арасына жакын жердеги аскердик ишмердүүлүгү жаратып жаткан тынчсызданууларга" байланыштуу Беларустагы америкалык мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди.

АКШ жарандарына буга чейин эле COVID-19 пандемиясына жана өлкө мыйзамдары сакталбай жатканына байланыштуу Беларуска барбай туруу сунушталган. Эми бул себептерге Украинадагы кырдаал кошулду.

Буга чейин АКШнын Киевдеги элчилиги америкалык жарандарды Украинадан чыгып кетүү жөнүндө ойлонууга чакырып, бул өлкөдөгү кырдаал "Орусия тараптан аскерий аракеттердин күч алуу коркунучунан улам бүдөмүк бойдон калып жатканын" эскерткен.

АКШнын Мамлекеттик департаменти январда Киевдеги элчилигинде иштеген дипломаттардын үй-бүлөлөрүн эвакуациялай баштаган. Көп өтпөй Орусия тараптан келип жаткан коркунучтарга байланыштуу Улуу Британия, Австралия, Германия жана Канада дагы Киевдеги элчиликтеринин айрым кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн эвакуация кыла турганын билдиришкен.

Украинанын президенти Владимир Зеленский дипломаттардын өлкөдөн чыгып жатышын "ката" деп эсептей турганын айткан.

Январда Орусия менен Беларус "Союздук чечкиндүүлүк" деп аталган биргилешкен аскердик машыгуу өткөрүү планын билдиришкен. Маалыматка караганда, машыгуулар февралдын аягында өтөт деп күтүлүүдө. Ошол эле маалда орус аскерлери беларус-украин чек арасынан алыс эмес аймакта топтолуп турат. Батыш өлкөлөрү Москва мындай жол менен Украинага кол салууга даярдык көрүп жатышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Кремль мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости