www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзодага Төрт-Көчө тилкеси боюнча жооп берди.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттигинин Баткен районундагы Төрт-Көчө тилкеси боюнча даярдаган материалында Алимбаев ал укуктук статусу аныктала элек талаштуу тилке экенин айткан. Буга Ахмадзода жергиликтүү ЖМК аркылуу жооп берип, Төрт-Көчө Тажикстанга таандык экенин, Кыргызстан 49 жылга ижарага алып пайдаланып жатканын билдирген.

Баткен облусунун жетекчиси тажик тарапты чек аралар укуктук негизде аныкталмайынча кырдаалды ырбатуучу билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырды.

"Мамлекеттик чек ара сызыктарын аныктоо маселеси кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын иши. Ошолор гана ортодогу талаштуу аймакка чекит коюшу мүмкүн. Баткен жана Согди облустарынын башчылары катары биздин милдетибиз — чек арада жаңжал чыгышына жол бербөө, ошондой эле чек аралаш айылдардын экономикасын өнүктүрүүгө күч-аракетти жумшоо", — деди Алимбаев.

Ошондой эле ал тажикстандык кесиптешине болгон күч-аракетин чек арадагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, эки элдин ортосундагы экономикалык, маданий байланыштарды бекемдөөгө жумшоону сунуштады.

"Аскердик аракеттер менен талаштуу чек ара сызыктарын аныктоого мүмкүн эмес экенине дагы бир ирет ынанып жатабыз. Стол үстүндө сүйлөшүп, конструктивдүү жана тынчтык диалогун түзүшүбүз керек. Себеби биздин алдыбызда чек аралаш аймакта жашаган адамдардын өмүрү, Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын келечеги, алардын балдарынын келечеги чечилгени турат", — деди Алимбаев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын көбү Төрт-Көчө тилкесинде чыгат. Эки өлкө талашып жаткан жол канчалык маанилүү? Жоопту Sputnik Кыргызстандын материалынан табасыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости