www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качкын Булатов: «Алтынды сатабыз деп өндүрүп жатабыз да»

«Алтынды сатабыз деп өндүрүп жатабыз да», - деди бүгүн, 1-февралда NazarNews маалымыт агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.

- Качкын агай, Улуттук банк ички рынокто алтын куймаларын сата баштады. Өзүбүз өндүргөн алтынды сатканыбыз туура элеби?

- Биз базар экономикасында жашап, алтынды өзүбүз өндүрүп жаткандан кийин алтынды сатпай сактаганыбыздын эмне пайдасы бар. Мамлекетке кыйынчылык убакта керек деген алтындарды алып калып, калган алтынды сата берсе болот да.

Анткени, алтынды сатабыз деп өндүрүп жатабыз да. Эми алтынды сырьё түрүндө эле сата бербей, зергерчиликти өнүктүрсөк да болот. Индиядагыдай буюмдарды жасап сатсак, кымбат сатылып. Мамлекетке эбегейсиз пайда түшөт. Ошон үчүн зергерчиликти өнүктүрүшүбүз керек.

Ошондо көп пайда тапмакпыз. Куйма алтынды сатуудан дагы зергерчиликти өнүктүрүшүбүз керек. Эгер башкасы кыйын десек, тыйын жасап сатсак да болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости