www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кактус Медиа» сайтындагы кыргыз-тажик чек арасы боюнча жарыяланган маалыматка юридикалык баа берүү үчүн тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
«27-январда «Кактус Медиа» сайтында чек арадагы куралдуу кагылышуу тууралуу макала жарыяланган. Макалада Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери Тажикстан Республикасы тарапка биринчилерден болуп ок атып, провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу) менен кылмыш иши козголгон», - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Булак: NazarNews.kg